Колуңуздагы чыгарма эски жана жаңы заман таасири астында жазылды.
Эски заман эпкини катары Түндүк Азия менен Борбордук Азиянын байыркы элдеринин бири кыргыз элинин оболку тарыхы иликтөөгө алынды. Кыргыздын кырк уруу системасын иликтөө аны «Манастын» турптына алып келгендиктен улуу мурастын сюжетин баштан-аяк чечмелеп чыгуу китептин кыйла бөлүгүн түздү.
Кыргыздын жоголуп кеткен урууларынын тагдыры берилип, алар жашап өткөн кездердеги алар тебишкен байыркы элдер: хунндар, гунндар, кем-кемжуттар, кытайлар, дасялар жана бири менен биринин кантип кармашкандары притча түрүндө чагылдырылды.
Жаңы заман эпкини катары советтик империянын кыйрашы маскөөлүк жашоонун негизинде берилди. Орусиялыктар психологиясында болуп аткан өзгөрүүлөр, коомчулукту кеңири кучагына алган кылмыштуулук алар менен табакташ болуп кеткен чекисттер турмушу чагылдырылды.
Баш каарман Бек Мурза орус досу Юрий Уста, немис досу Леонард Линкс, кыргыз досу Асан Жапар жана америкалык досу Чарльз Стивенсон болуп андай жашоону кантип баштарынан өткөрүшү баяндалды.

Скачать УУЛУМА ДЕГЕН КОНСПЕКТ

Статьи на ту же тему:

  1. Manas-ЮНЕСКО-Кайрылуу Кайрылуу 2003-жылы профессор Б.Жакиев жана «Айтыш» коомдук фондунун негиздоочусу Садык Шер-Нияздын аракети менен кыргыздын дастанчылык...
  2. Musa Murataliev. The Lucky Hunter Once there lived a lone young gerfalcon, unknown to any; he was still very young....
  3. Mussa Muratalijew. Die Überfahrt Scharipa richtete wie immer zuerst ihren Eltern die Betten her und dann sich selbst neben...
  4. Probleme mit dem «Mai-Kuckuck» Dialog Leonhard Kossuth im Gespräch mit Mussa Muratalijew, Autor unserer morgigen Sonntagsgeschichte Probleme mit dem...